Камбоджада 6 тонна баңгизат эл көзүнө өрттөлдү. Дагы 336 тонна калды…

Камбоджада бийлик 6 тоннага жеткен баңгизатты жана аны өндүрүү үчүн колдонулган химикатты эл көзүнө өрттөдү. Бул иш-чара баңгизатка каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк күнгө арналып уюштурулган.

Өлкөнүн борбор шаарындагы аянтта өткөн иш-чарага ички иштер министри катышты. Анын айтымында, өрт коюлган заттардын ичинде героин, кокаин, метамфетамин, экстаз жана башка тыюу салынган баңги каражаттары бар. Ошондой эле, дагы 336 тонна химикат калганы маалымдалып, аны коопсуз өрттөөгө мүмкүн эместиги айтылды. Учурда тийиштүү орган аны эффективдүү жок кылуунунт жолун изилдеп жатат.

Камбоджанын мыйзамы боюнча 80 граммдан көп баңгизат менен кармалган адам өмүр бою эркинен ажыратылат.