Камчаткада жер титирөөдөн кийин жанар тоо атыла баштады (видео)

Камчаткада болгон жер титирөөдөн кийин Ключевская Сопка жанар тоосу атылып баштаган. Бул тууралуу 30-июлда Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчатка бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин жанар тоонун үстүндө буу жана газ булуттары гана байкалып жаткан. 

Ключевская Сопка — планетадагы эң активдүү вулкандардын бири. Анын бийиктиги 4850 метрге жетет. Жанар тоо Петропавловск-Камчатскийден 360 чакырым алыстыкта жайгашкан жана Евразиядагы эң чоңдордун бири болуп эсептелет.