Камчаткада кулаган учактагы 28 адамдын баары көз жумду

Камчаткада дайынсыз болуп жаткан учактагы адамдардын арасында тирүү калганы жок. Бул маалыматты «Интерфакс» басылмасына ошол аймактагы санавиация кызматы билдирген. Болжол менен 28 адам — бардык жүргүнчүлөр жана экипаж көз жумган.

Петропавловск-Камчатка — Палана багыты менен учуп чыккан учак конууга 10 мүнөт калганда дайынсыз болуп жатканын, «Ан-26» учагында 22 адам жана экипаждын 6 мүчөсү болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашкан. Кулап түшкөнү болжолдонуп жаткан учактын калдыктарын Камчаткадагы Палана кыштагы тараптан табышты.

«Дайынсыз жоголгон учак 1982-жылдан бери иштеп келе жаткан, анын учууга жарамдуулук сертификаты ушул жылдын 30-августуна чейин болчу», — деп жазды ТАСС өздүк булагына таянуу менен.