Камчатканын чыгыш жээгинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын Орус ЖМКлары жазды.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн, 27-августта Камчатканын убактысы боюнча саат 15:49да катталган. Анын күчү 6,2 баллга жеткен. Окумуштуулардын айтымында, Камчатка аймагынын калктуу аймактарында силкинүүнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.
30-июлда Камчаткада күчү 8,8 баллга жеткен 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгон. Ошондон бери илимпоздор күн сайын кайталанган жер титирөөлөр болуп жатканын айтышат.