Канадада 49,5 градуска жеткен мээ кайнаткан ысык болуп, жүздөн ашуун адам каза болду (сүрөт )

Канадада 49,5 градуска жеткен мээ кайнаткан ысык болууда. Мындай ысык аба ырайы соңку 80 жылдан бери боло электиги айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Күндүн ысыгы нормадан ашыкча болуп жаткандыктан адам өлүмү катталууда. Соңку эки күндөн эле каза болгондордун саны 100дөн ашкан. Алардын көбүн кары-картаңдар түзөт. Ал жакта жашоочулар жана алардын үй жаныбарлары атайын муздак болгон имараттарда баш калкалашууда.

Метеорологдордун айтымында, мээ кайнаткан ысык ушул аптанын эс алуу күндөрүнө чейин созулат.