Канадада министрлер шиштака кийип чыгышты. Эмне үчүн? (видео)

Канада өкмөтүнүн министрлери аялдардын бут кийимин — кызгылт түстөгү такасы бар бут кийимдерди кийишти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Маалыматтарга караганда, анын максаты физикалык, эмоционалдык, финансылык жана сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарга жана алардын балдарына колдоо көрсөтүү.

Видеону Канаданын транспорт министри Омар Альхабра социалдык тармактарга жарыялады. «Аялдарга карата зомбулук биздин коомдо дагы эле кеңири жайылган», — деп билдирди Альхабра жана жабырлануучуларды колдоо зарылдыгын белгиледи.