Канадада дагы 160тан ашык бала көмүлгөн көрүстөн табылды

Түштүк Перс булуңундагы аралдардын бириндеги Пенелакут жергиликтүү уруусу Купер Айленд интернатына таандык аймакта 160тан ашуун баланын сөөгү коюлган «документсиз жана белгисиз» мүрзө табылган. Бул тууралуу Канаданын CBC телеканалы билдирди.

Маалыматты жеткирген жергиликтүү уруу жергиликтүү бийликке «Биз сизди Купер аралындагы интернаттын аймагындагы документтери жок жана белгисиз болгон 160тан ашуун сөөктөрдү тастыктоо боюнча ишибизге кошулууга чакырабыз» деп билдиришкен.

Буга чейин да бир нече жолу балдардын сөөгү коюлган белгисиз мүрзөөлөр табылган.