Канадада ичинде 550 жүргүнчүсү бар учакка чагылган түшкөн учур видеого түшүп калган

Air Canada компаниясынын Боинг 777-300 учагы Ванкувер аэропортунан учуп чыгып, Лондонго баратканда чагылган түшкөн.

Global News маалымдагандай, рейс Ванкувер эл аралык аэропортунан жекшемби күнү кечинде саат 19:30да учуп бара жатып, сейрек кездешүүчү чагылганга кабылган. Маалыматтарга караганда, учакта 550 киши болгон. Эч ким жабыркаган эмес.