Канадада жатак мектептин аймагынан 200дөн ашуун баланын сөөгү табылды

Канадада жатак мектептин аймагынан 200дөн ашуун баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Аталган өлкөнүн Камплупс шаарындагы жатак мектептин аймагынан кеминде 215 баланын сөөгүнүн калдыктары чыкты. Сөөгү табылган балдардын айрымдары 3 жашар болгон. Бул мекеме 1890-жылы түпкүлүү элдерди ассимиляция кылуу үчүн түзүлгөн. Жатак мектеп 1978-жылы жабылган. Мекемени көп жылдар бою католиктердин чиркөөсү, кийин өкмөт башкарып турган. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул окуяны «өлкө тарыхынын уятка калтырган бөлүгү тууралуу жүрөк тилген эскерүү» деп атады.

1863-жылдан баштап 1998-жылга дейре бул сыяктуу жатак мектептерге жергиликтүү тургундардын 150 миңден ашуун баласы мажбурланып алып келинген. Аларга өз тилинде сүйлөөгө жана салтты карманууга тыюу салынчу. Балдар ур-токмокко кабылып, анын көбү үйлөрүнө кайтып барган эмес. 2008-жылы Канаданын бийлиги мындай жатак мектептердин системасы үчүн расмий түрдө кечирим сураган. «Дайынсыз жоголгон балдар» долбоорунун маалыматына ылайык, мындай мекемелерде 4,1 миңден ашуун бала каза болгон. Укук коргоочулар бийликтин бир кездеги ассимиляция кылуу саясатын «маданий тукум курут кылууга» барабар деп таанышкан.