Канадада жатак мектептин багынан жүздөгөн баланын сөөгү коюлган мүрзө табылды

Канаданын Саскачеван штатында жайгашкан жатак мектептин короосунан жүздөгөн балдардын сөөгү коюлган мүрзө табылды. Бул көрүстөн аталган өлкөдө бүгүнкү күнгө карата табылган кабырдын саны боюнча эң көп болууда. Болжолдуу түрдө буга чейин табылган 215 мүрзө бар аймактан үч эсеге көп болушу ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Бул жатак мектеп 1899-1997-жылдар аралыгында иштеген жана Канададагы эң чоң окуу жайлардын бири болгон. Анда окугандар мектептен бат-баттан эле балдар жоголгонун айтып беришкен жайы бар. Бирок аларды жатак мектептен качып кеткен болушу керек деп ойлошчу. Ошондой эле тарбиялануучулар окуу мезгилинде көп ач калышканын, зордук-зомбулукка кабылганын да билдиришкен.

Буга чейин май айында аталган өлкөнүн Камплупс шаарындагы жатак мектептин аймагынан кеминде 215 баланын сөөгүнүн калдыктары чыкканы маалым болгон. 1863-жылдан баштап 1998-жылга дейре бул сыяктуу жатак мектептерге жергиликтүү тургундардын 150 миңден ашуун баласы мажбурланып алып келинген. Аларга өз тилинде сүйлөөгө жана салтын карманууга тыюу салынчу. 2008-жылы Канаданын бийлиги мындай жатак мектептердин системасы үчүн расмий түрдө кечирим сураган.