Канадада муз доорунда жашаган мамонттун баласынын мумиясы табылды

Канадада алтын казган шахтачылар мамонттун баласынын мумиясын табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Палеонтолог Грант Зазуланын айтымында, 30 миң жыл мурун муз доорунда жашаган мамонттун баласы бир айлык болушу мүмкүн. Анын бузулбай мумия болуп калышына ылайга чөгүп кетип, кийин үстүнөн муз каптап калганынан деп божомолдойт палеонтолог. Мамонттун баласынын мумиясынын табылышы Түндүк Америкадагы чоң ачылыш катары бааланууда.