Канадада токойлор өрттөнүп, 16 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту (сүрөт, видео)

Канаданын Жаңы Шотландия провинциясындагы токой өртү жандуулардын баарын жок кылып жатат. Миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

29-майда Галифакстын 16 400 тургуну эвакуацияланган. Өлкөнүн батышында өрт уланып жаткандыктан Колумбияда да эвакуациялоо боюнча буйруктар чыгарылган. Жалпысынан провинцияда 6 ири токой өртү чыгып, алардын бири 788 гектар жерди каптаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кургакчылыктан чыккан.