Канадада зоопаркка кайткысы келбеген кенгуру полиция кызматкерин бетке урган (видео)

Канадада кенгуру кармоо учурунда полиция кызматкерин урган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Ургаачы кенгуру зоопарктан качып, жапайы жаратылышта бир нече күн болуп, полициянын кармашына каршылык көрсөткөн. Патрулчулар жаныбарды 4 сааттан ашык аңдып, кармай башташкан. Полиция кызматкери зоопарктын кызматкерлеринин көрсөтмөсүн аткарып кенгуруну куйругунан кармап, бетке сокку жеген. 

Кенгуру тынчыгандан кийин полиция аны Ошава зоопаркына алып барып, медициналык текшерүүдөн өткөргөн. Канаданын прокурорлору анын качып кетишин иликтеп жатышат.