Канададагы ысык аба ырайы Литтон шаарынын 90 пайызын кыйратты (сүрөт)

Үч күндүк рекорддук температурадан кийин башталган токой өртү Канаданын батыш тарабындагы Литтон шаарынын көпчүлүк бөлүгүн кыйратты. Бул тууралуу Рейтер жазып чыкты.

Британиялык Колумбиянын борборундагы Литтондо жана анын айланасындагы 1000ден ашуун адам тез жайылып жаткан өрттөн улам эвакуацияланды. Аталган провинциянын башчысы Жон Хорган журналисттерге өрттүн себеби иликтенип жатканын билдирди. Post Media маалымат агенттиги  билдиргендей, өрттөн 60 жаштагы жубайлар каза болушкан. Бирок Рейтер агенттиги көз жумган адамдар боюнча тастыктай алган эмес. Британиялык Колумбиянын расмий өкүлдөрү брифингде айрым тургундар дайынсыз жоголгонун билдирип, Литтондогу үйлөрдүн жана имараттардын көпчүлүгү «жок» болгонун айтышты.

29-июнда Литтон аба табы боюнча рекорд койгон. Абанын табы шаарда 49,6 градуска чейин жеткен. 30-июнда аталган аймакта саатына 71 чакырымга чейин жеткен катуу шамал катталып, токой өртүнө алып келген. Өрт шаардын 90 пайызын жок кылган.