Канаданын түндүк-батышын ири токой өртү каптады

Канаданын түндүк-батышын ири токой өртү каптап, 150 миңдей адам жашаган Келоун шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Келоун шаарында бир топ үйлөрдү өрт жалмап, Оканган көлүндө жайгашкан тарыхый курорт күлгө айланып, Йеллоунайф шаары тилсиз жоодон өтө чоң зыян тартты. Жогоруда аталган аймакта тургундар эвакуацияланып, аэропортто каттамдар токтолуп жатат.

2023-жылдын токой өртү Канадада бардык байкоолордун тарыхында эң чоң өрт деп аталды.