Кандай адамга коронавирус жукпайт? Вирусологдун жообу

Вирусологдор кандай адамдарга коронавирус коркунуч жаратпай турганын айтышты. Мисалы, коронавируска чалдыккан адам менен контакт болгонуна карабастан, ал адамга илдет жукпаса, анда анын иммунитетинде Т-клеткалары бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Молекулярдык биология институтунун бөлүм башчысы Петр Чумаков айтып берген.

“Т-клеткаларды иммунитет буга чейин башка оор вирус менен күрөшкөн соң иштеп чыгат. Андай клеткага ээ адам коронавируска тушукканда анын иммунитети бул вирустан кабары бар болуп чыга келет. Ошондон улам да ал адам илдетти жуктуруп алуудан коргонгон болот. Мындай адамдардын саны дүйнөдө 10-15 пайызды түзүшү ыктымал”, — деди Чумаков.

Ошондой эле сасык тумоо болуп ооруп, андан айыккан адамдын коронавирусту жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү аз. Себеби, анын канында интерферон антивирустук белогу көп санда болуп, ал дагы бир вирусту жаңы жуктуруп алууга тоскоолдук кылат.