Канье Уэст тиштерин жулдуруп, 850 миң долларга протез койдурган

Канье Уэсттин тиштери алынып, ордуна атайын титан протези коюлган. Бул тууралуу рэпер өзү социалдык түйүндөрүндө билдирди.

Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, баасы 850 миң доллар турган имплант музыканттын жаагы үчүн атайын жасалган, ал эми анын дизайнына өзү жооптуу болгон. Операция Беверли-Хиллздеги клиникалардын биринде жасалган.

Бул рэпердин мындай биринчи эксперименти эмес. 2010-жылы Уэст алып баруучу Эллен Дененеристин шоу берүүсүнө катышып, тиштеринин астынкы катарларын асыл таш импланттарына алмаштырганын айткан.