«Кантсе да блогермин». Айжан Байзакова 100 миң теңгеге алган эртең мененки тамагын көрсөттү

Өткөн айда турмушка чыккан блогер Айжан Байзакова бал айын Мальдив аралдарында өткөрүшүүдө. Tengri Lifestyle анын эртең мененки тамагы тууралуу жазды. 

«Мен бул эртең мененки тамакты бир блогерден көрүп, жолдошума айттым. Гид анын баасын 100 миң теңге деди. Жолдошум мага бул ысырап кылуу экенин айтты. Мен мунун мага керектигин түшүндүрдүм. Кантсе да блогермин. Ыйлап жатып тамакты алдырттым. Сүрөткө жакшы түшө албарымды унутуп коюпмун, көрсө чындап эле мааниси жок экенин түшүндүм», — деп жазды ал.

100 миң теңге бул 18 миң 100 сомдун тегерегинде болот.