Карагандада аркан менен бийиктиктен секирген 33 жаштагы аял көз жумду (видео)

Карагандада 33 жаштагы аял 25 метр бийиктиктеги тарзанкадан секирип жатып каза болду. Бул тууралуу «Казинформ» жазып чыкты.

Каргашалуу окуя «Созвездие» мейманканасынын аймагында болгон. Аттракцион мейманкананын чатырына орнотулган. Секирүү учурунда ал бетондогу конструкцияга урунуп, жерге түшүп калган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Шашылыш түрдө бейтапка операция жасалды. Трепанация жасалып, гематома алынган. Жүргүзүлүп жаткан медициналык чараларга карабай, бейтап каза болду», — деп айтылат маалыматта. Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.