Өзбекстандын Каракалпакстан республикасында орун алган башаламандык токтотулуп, абал турукташты. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзийоевдин басма сөз катчысы билдирди.
«Шавкат Мирзийоев Нукус шаарына учуп келип, элге кайрылуу жасагандан кийин абал турукташты», — деп билдирди басма сөз кызматынан.
1-июль күнү Өзбекстанда конституциялык реформадан улам каршылык акциялары башталган. Ага Баш мыйзамдан Каракалпакстандын суверендүүлүгү тууралуу абалдын жана жалпы референдумдун негизинде бөлүнүү укугу алынып жаткандыгы түрткү болгон. Өзбекстандын президенти Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө абал режимин киргизген.












