Каракалпакстанда абал турукташканын бийликтен билдиришти

Өзбекстандын Каракалпакстан республикасында орун алган башаламандык токтотулуп, абал турукташты. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзийоевдин басма сөз катчысы билдирди.

«Шавкат Мирзийоев Нукус шаарына учуп келип, элге кайрылуу жасагандан кийин абал турукташты», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

1-июль күнү Өзбекстанда конституциялык реформадан улам каршылык акциялары башталган. Ага Баш мыйзамдан Каракалпакстандын суверендүүлүгү тууралуу абалдын жана жалпы референдумдун негизинде бөлүнүү укугу алынып жаткандыгы түрткү болгон. Өзбекстандын президенти Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө абал режимин киргизген.