Каракалпакстандагы башаламандыкта 18 адам көз жумуп, 243 адам жаракат алган

Нукус шаарындагы массалык башаламандыктын кесепетинен 243 адам жабыркаган, анын ичинен 38и укук коргоо кызматкери, 18 адам оор жаракаттардан каза болгон. Бул тууралуу 4-июлда Ташкентте өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү билдирди.

Улуттук гвардиянын маалымат кызматынын жетекчиси белгилегендей, 1-2-июлдагы тополоңдо окуя болгон жерден кармалган 516 жаран Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген. Аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүп, айрымдары суракка алынып, айрымдарына административдик чаралар көрүлгөн.

1-2-июль күндөрү болгон башаламандыктын кесепетинен 243 жаран ар кандай жаракаттарды алып, ооруканаларга кайрылып, алардын 149уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүндө дарылануусун улантууга уруксат берилген. Учурда ооруканаларда 94 бейтап дарыланууда, алардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар.