Караокенин жаратуучусу 100 жашында көз жумганы маалым болду

Японияда караокенин жаратуучусу Сигэити Нэгиси каза болду. Ал 100 жашта болчу. Бул тууралуу 2018-жылы ойлоп табуучудан интервью алган журналисттин маалыматына таянып Sky News маалымдады. 

Нэгиси 26-январда кулап кетип, каза болгон. Анын артында үч баласы, беш небереси жана сегиз чөбөрөсү калды.

1967-жылы Нэгиси Sparko Box деп аталган биринчи караоке-машинасын чыгарган. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө анын бир гана көчүрмөсү сакталып калган. Жалпы 8 миң даана чыгарылган.

Ал Sparko Box’ту Япониянын ар кайсы жерлерине орноткон, бирок көп өтпөй музыканттар менен болгон чыр-чатактардан жана автоматтарды тейлөөдөн тажаган. Ал 1975-жылы өзүнүн ойлоп табуусун патенттебей туруп, караоке бизнесинен кеткен.