Карл III расмий түрдө Улуу Британиянын падышасы деп жарыяланды

Лондондо британдык жаңы монархтын тактыга расмий киришүү аземи башталды. Карл III падыша болуп жарыяланганын Интерфакс агенттиги жазды. 

Иш-чара Сент-Жеймс сарайында өтүп жатат. Ага жогорку даражалуу саясатчылар жана башка расмий адамдар катышууда. 

Карл III 8-сентябрда ханыша Елизавета II каза болгондон кийин падыша болду. Ал эми акыркы сапарга узатуу качан болору азырынча тактала элек.