Каспий деңизи кара өңгө боёлду (видео)

Социалдык тармактарда Каспий деңизиндеги суунун адаттан тыш түстөгү видеосу жарыяланды. Кадрларда суунун өңү карарып калганын көрүүгө болот. 

Аталган жерге облустук экология департаментинин адистери барышкан. Алар изилдөө жүргүзүп, суунун үлгүлөрүн алышкан.

«Бул табигый көрүнүш экенин көз менен көрүп айтса болот. Бул калдыктардын кесепетинен толкундар кара түскө ээ болгон. Тийиштүү тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү аткаруу органына кат жөнөттүк», — деди Мангистау облусу боюнча экология департаментинин башчысы Руслан Тукенов.

Ал ошондой эле бул жайдын жанында өндүрүш объектилери жок экенин, бул жер эс алуучу аймак экенин белгиледи.