Каспий деңизинде кырылып калган тюлендердин саны 300гө чукулдады

Мангистауда (Казакстан) өлгөн тюлендердин саны 289га жетти. Бул тууралуу Lada.kz жазды.

«Алардын жашын жана өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн жаныбарлардан (азуу, тырмак, ашказан, ички органдардын ткандары) биологиялык үлгүлөр алынган. Тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана өлүмдүн себептерин айта алабыз», — дейт Гидробиология жана экология институтунун илимий кызматкери Жазира Сыдыкова.

Каспий деңизинин жээгинде мониторинг уланууда.