Каспий деңизинин жээгинде тюлендердин жансыз денеси жаткан видео жарыяланды

Мангистау облусунун тургундары Каспийдин жээгинен тюлень жана балыктардын өлүктөрүн табышкан. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматтарга караганда, кээ бир жерлерде 4-5 өлүк жатканын көрүшкөн. Алтургай өлүктөрдүн арасында тюлендердин балдары да бар. 

Бул маалыматка Экология министрлигинин Балык чарба комитети комментарий берген. 6-майда Мангистау облусу боюнча балык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Каспий деңизинин жээгинен 15 тюлендин жана төрт осетр балыгынын өлүгү табылган. Бул тууралуу бардык жооптуу органдарга – акимчиликке, илимий уюмдарга, изилдөө жана реабилитациялоо борборуна, Гидробиология жана экология институтуна жана башкаларга билдирилген.