Каспий деңизинин жээгинен кырылып калган тюлендер табылды

Түпкараган районундагы Каспий деңизинин жээгинен Жайык-Каспий облустар аралык балык чарба инспекциясынын кызматкерлери 100дөн ашык өлгөн тюлендерди табышты деп билдирет Tengrinews.kz. 

«Тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин өлүмүнүн себептери белгилүү болот», — деп билдирди Айыл чарба министрлигинин Балык чарба комитетинин басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда коомдук активист Азамат Сарсенбаев Фейсбуктагы баракчасына бороон-чапкын деңиз жээгине тюлендерди алып чыгып салганын жазды.