Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн элге кайрылуу жасап жатып, өлкөдө мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун билдирди.

Толук маалыматты Forbes.kz жазды. Маалымат порталынын маалыматына караганда, президент жети жылдык мөөнөткө бир жолу гана шайланат. «Мен кезексиз президенттик шайлоону ушул күздө өткөрүүнү сунуштайм. Адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда фундаменталдуу жана комплекстүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керек. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан, президенттик мөөнөтүмдү кыскартып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого барууга даярмын. Көп ойлонуп, президенттик мөөнөтү кайра карап чыгуу керек деген тыянакка келдим», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Бул сунушту парламенттин эки палатасынын депутаттары кол чабуулар менен колдошкон.