Стамбулда сел жүрүп, 3 адам каза болду. Видео

Кечээ, 5-сентябрь Түркиянын Стамбул шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Шаар көчөлөрүн каптаган сел жергиликтүү тургундардын жашоосуна кооптуу абал жаратты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая катуу суу ташкынынан улам үч адам каза тапканын, дагы бешөө ар кандай жаракат алганын билдирген. Шаар көчөлөрү сууга толуп, селдин чоңдугунан улам транспорт кызматтары дагы сууга туруштук бере алган эмес.

Суу ташкынынан улам айрыкча Арнавуткей, Башакшехир жана Кючукчекмеже аймактары көбүрөөк жабыркаган.