«Көз тиет деп сүрөт жарыялабайт элең». Каза болгон казак музыкантынын жубайы пост жазды

Белгилүү казак музыканты Darkhan Juzz (чын аты Дархан Жунусбеков) 24-февралда каза болгон. Казакстандын тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, анын Таиландда жол кырсыгынан каза болгонун билдирген.

Анын жубайы социалдык тармактагы баракчасына каза болгон жолдошу тууралуу пост калтырды. «Мага сени менен түшкөн сүрөттөрдү көз тиет деп чыгарчу эмессиң. Сен мага айрыкча балдар төрөлгөндө абдан жардам бердиң. Баары сенин кандай музыкант экениңди билишет. Бирок сенин кандай ата, кандай жолдош экениңди баары биле бербейт. Эсимде, экөөбүз дос болуп жүргөндө, мени үйгө жеткирип келип, «мен сенин жолдошуң, досуң, агаң жана атаң болом» дегенсиң. Сенин айтканыңдын баары эсимде. Акыркы «Кечиргиле, мен убада бергеним менен силер менен чогуу болууга убактым жок болуп жатат. Мен студиядамын. Жумушум азайганда силердин жаныңарда болом» деген сөздөр эсимде», — деп жазды жубайы.