Каза болгондон бир аптадан кийин… Навальныйдын сөөгү апасына берилди

Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйдын сөөгү апасына берилди. Бул тууралуу саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш соцтармактагы баракчасында билдирди.

«Акыркы сапарга узатуу зыйнаты алдыда болот. Аны өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылабы же жокпу билбейбиз. Маалымат ачыкталганына жараша кабарлайбыз», — деп жазган ал.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный абакта 16-февралда каза болгон. Анын жубайы Юлия Навальная анын ишин улантарын жарыялаган.