«Каза болгондордун саны көбөйүүдө». Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду

Түркияда 6-февралда саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10 шаар жабыркаганын айтты: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османийе, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис.

Кырсыктан 53 адам каза болгон жана каза болгондордун саны көбөйүүдө. Жаракат алгандардын саны 500 адамга чукулдады. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды.