Казак актёру Нуртас Адамбай эмне иш боюнча айыпталып жатат?

Астананын Администрациялык райондор аралык соту шоумен Нуртас Адамбайга карата ишти карап жатат. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.

Нуртас Адамбай Казакстан Республикасынын диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Мындай мыйзам бузуулар үчүн жеке жактарга 185 миң теңге, ал эми юридикалык жактарга 738 миң теңге өлчөмүндө айып пул каралган.

Ишти кароо 1-августка жылдырылган.