Казак актрисасы Асель Садвакасова жолдошу менен эки жолго түшкөнүн айтты

Белгилүү казак актрисасы Асель Садвакасова ажырашканын Instagram баракчасына жарыялады. Ал башынан өткөн окуяларын бөлүшүп, ажырашуу процесси тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Асель ажырашуу ал үчүн өтө оор болгонун мойнуна алып, аны «кичинекей өлүмгө» салыштырган. «Мен ушунчалык катуу ыйладым, аны сөз менен жеткире албайм, акыркы жолу 10 жыл мурун сүйүктүү энем каза болгондо ыйлагам», — деп бөлүштү актриса. Оор окуядан кийин Асель АКШга барып, анын айтымында, ал ички тынчтыкка ээ болуп, өткөнгө өкүнбөй турганын түшүнгөн.

Асель менен күйөөсү Магжан Тлеухандын ажырашуусу тууралуу биринчи сүйлөшүү апрель айында болгон, бирок жубайлар ойлонууга убакыт берүүнү чечишкен. Алар ажырашуунун расмий себеби катары жашоого болгон көз караштардын ар түрдүүлүгү деп атаган.

Казак актрисасы Асель Садвакасова менен Магжан Тлеухановдун үлпөт тою 2023-жылы июль айында болуп өткөн. Ага чейин 38 жаштагы казак актрисасы өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөткөн. Ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болгон. Андан соң сөйкө салуу болуп, экөө нике күбөлүгүн алышкан.