Казак актрисасы Асель Садвакасова өзүнөн 10 жаш кичүү сүйүктүүсүн ачыктады

38 жаштагы казак актрисасы Асел Садвакасова өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөттү. Tengri Life кененирээк айтып берди. 

Буга чейин актриса жана продюсер жаңы мамилесин жашырып келген. Эми ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болду. Жигит социалдык тармактарда активдүү, маркетолог жана блогер Арман Юсупов менен бир катар долбоорлордун тең негиздөөчүсү.

«Менин сүйүктүү адамым Магжан менен таанышып коюңуздар. Мен айым катары толук гүлдөп баштадым.  Мени өтө камкордук жана сүйүү менен курчап алган адам», — деп  тааныштырды Асель.