Казак актрисасы Асель Садвакасова өзүнөн 10 жаш кичүү сүйүктүүсүнө турмушка чыкты (видео)

Казак актрисасы Асель Садвакасова менен Магжан Тлеухановдун үлпөт тою болуп өттү. Актриса тойдон видео, сүрөттөр менен байма-бай бөлүшүп турду.

Иш-чара Luxury Bali Style стилинде Алматы шаарындагы мейманканалардын биринин ачык террасасында өттү. Алар кооздук үчүн ак түстү тандап алышкан.

Буга чейин 38 жаштагы казак актрисасы өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөткөн. Ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болгон. Андан соң сөйкө салуу болуп, экөө нике күбөлүгүн алышкан