Казак блогерлери боордош эки элди пропагандага алдырбай, тынчтыкка үндөөдө

Белгилүү казак блогерлери кыргыз жана казак элин чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жатышат. Бул тууралуу позициясын соцтармактагы баракчасына жарыялашууда.

Zheka Fatbelly деп таанылган Женис Омаров улуттар аралык «чыңалуу» кара ниет адамдардын кызыкчылыгында экенин билдирди. «Кыргыз казак бир тууган! Пропагандага алдырбагыла!» — деп жазды ал.

Дагы бир казак блогери Nagimuwaa (Нагима Ахметова) кыргыздарды шашылыш бүтүм чыгарбоого, жакшы мамилени сактап калууга чакырды. «Салам, Кыргызстан! Билип коюңуздар, бизди аябай ыдыратууга, уруштурууга аракет кылып жатышат», — деп жазды ал.