Казак музыканты Darkhan Juzz’дун өлүмүнүн себеби айтылды

Белгилүү казак музыканты Darkhan Juzz (чын аты Дархан Жунусбеков) каза болгон. Тышкы иштер министрлиги казакстандык музыканттын өлүмүнүн себебин айткан.

Андагы маалыматка караганда, ал жол кырсыгынан каза болгон. «Таиланд полициясынын маалыматы боюнча, 24-февралда Пхукет аралында Казакстандын жараны Дархан Жунусбеков каза болгон. Биздин жаран жол кырсыктын кесепетинен каза болгон, ал ижарага алынган мопед менен кырсыкка кабылган. Маркумдун жакындары, сөөктү Казакстанга жөнөтүү үчүн керектүү документтерди түзүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

 Дархан Жунусбеков 1991-жылы 9-августта Алматыда төрөлгөн.