Казак президенти Касым-Жомарт Токаев «Спутник V» вакцинасын алды

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Спутник V» вакцинасын алды, ал өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу 6-апрелде казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.

«Бүгүн мамлекет башчысы Караганда фармацевтикалык заводу өндүргөн «Спутник V» вакцинасын алды. Эмдөөдөн кийинки абалы жакшы. Эч кандай терс таасирлери байкалган жок», — деп жазды ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында.

21-январда орусиялык «Спутник V» вакцинасын Аргентинанын президенти Альберто Фернандес алганы да кабарланган.