Казак ырчысы Кайрат Нуртас сахнада сөгүнгөндүгү үчүн айыпка жыгылды (видео)

Казак ырчысы Кайрат Нуртас сахнада сөгүнгөндүгү үчүн айыпка жыгылганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Видеосу интернетте бир нече күн мурун пайда болгон. Эми Нуртас 73 миң 840 теңге айып төлөшү керек.

«Коомдук жайда адепсиз сөздөрдү сүйлөөгөн ырчы жоопко тартылды. Майда бейбаштык үчүн ага айып салынды», — деп айтылат полициянын маалыматында.