Казакстан акыркы беш жылда биринчи жолу Жеңиш майрамын 5 миллион доллар сарптап өткөрөт. Казак бийлиги 7-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына жана Мекенди коргоочулар күнүнө карата Астанада өтө турган Жеңиш парадын кайра баштоону чечти. Иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө бийлик 2,5 миллиард теңге (болжол менен $4,9 миллион) бөлөт.
Парадга 4,5 миңге жакын адам, анын ичинде аскердик, авиация жана курал-жарактын жаңы үлгүлөрү катышат. Тарыхый бөлүк – согушка катышкан казак аскерлеринин күжүрмөн туусун биринчи жолу көтөрүп жүрүшөт.
Буга чейин Казакстан 2020 жана 2021-жылдары пандемиядан, ал эми 2022-2024 – жылдары бюджеттин тартыштыгынан параддарды өткөргөн эмес. 2025-жылы Жеңиштин мааракесине карата казак аскерлери Москва жана Минск шаарларында да параддарга катышат.