Казакстан ИИМи: «40 миң орусиялык Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө кетти»

Сентябрдын акыркы күндөрү Казакстан аркылуу 40 миңдей Орус жараны өткөн. Негизги багыттары Кыргызстан менен Өзбекстан. Беш күндүн ичинде 6 миңге жакын орусиялык Казакстандан аэропорттор аркылуу учуп кетишкен. Бул тууралуу Казакстандын Миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Ички иштер министрлигинин милициянын полковниги Аслан Аталыков брифингде билдирди.

Маалымат жыйында айтылгандай, ушул жылдын 21-сентябрына чейин Казакстанга 9-12 миңге жакын орусиялык кирип/чыгып келсе, 22-сентябрдан тарта Казакстанга келгендердин саны эки эсеге көбөйгөн.