Казакстан кайрадан бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салды

Казакстан бензин жана дизель майын экспорттоого тыюу салууну узатты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Эми коңшу өлкөдөн транспорттун бардык түрлөрү менен бензинди, дизель майын жана мунай заттарынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга болбойт. Бул дагы 6 айга созулат. Казакстан буга чейин эле, 2023-жылдын январынан 1-августуна чейин экспортту чектеген болчу.

«Мындай чара улуттук экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу жана ички рынокто мунай продуктуларынын тартыштыгын болтурбоо үчүн киргизилди«,- деп айтылат маалыматта.