Казакстан-Кыргызстан авиакаттамы көбөйтүлөт

Казакстан төрт өлкө менен авикаттамдарды көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу казак басалымалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, Казакстан, Кыргыз өлкөсүнө дагы эки авиакаттам ачууну пландап жатат.

Ошондой эле коңшу өлкө Кыргызстандан тышкары Түркия, Өзбекстан жана Украинага болгон каттамдарын көбөйтөт. Ал эми мындай чеимди казак өкмөтү эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү максатында кабыл алган.

Алардын көбөйтүлгөн каттамдарынын саны төмөндөгүдөй;

Түркия (+4 каттам кошулат),

Өзбекстан (+4 каттам),

Кыргызстан (+2 каттам)

Украина (+1 каттам).

Белгилей кетсек, азыркы тапта Кыргызстанда  Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиакаттамдары жүрөт.