Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы кырсык. Каза болгон 6 тажик мигрантынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Кечээ, 22-майда Орусияга бара жатканда Казакстандын аймагында каза болгон 6 тажик мигрантынын сөөгү Тажикстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

«Биз сөөктөрдү жууп, кепинге ороп, табыттарга салып, муздаткыч менен жабдылган унаа менен Тажикстанга жөнөттүк», — деди Казакстандагы тажиктердин республикалык борборунун төрагасы Акбаржон Исмаилов. Жансыз дене 3 күндүн ичинде жетиши керек. 

20-майда Алматы-Екатеринбург унаа жолунда Форд Транзит менен DAF жүк ташуучу унаасынын кагылышынан Тажикстандын 6 жараны каза болгон. Каза болгондордун баары Тажикстандын Хатлон облусунун Кубодиён районунун тургундары болгон.