Казакстан өлкөдөн кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Казакстан өлкөдөн ак жана камыш кантты экспорттоого алты айга тыюу салды. Тиешелүү буйрук өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тарабынан кабыл алынды. Документ 12-майда жарыяланып, 22-майда күчүнө кирет.

Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Ербол Карашукеев Казакстан өзүн кумшекер менен 7 пайызга гана камсыздай турганын билдирген. Бирок аны өндүрүүнү жети эсеге – 254 миң тоннага чейин көбөйтүү пландаштырылууда, бул продуктунун импортун 32 пайызга кыскартат.

«Апрель айында Казакстан кант импорту үчүн квотаны нөлдүк чен менен жогорулатканы кабарланган», — деп жазат Kapital.kz.