Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеде кичи ажылыкка барып, Каабанын ичине кирди (видео)

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеге кичи ажылык сапарына барып, Каабанын ичине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Токаев 24-июль күнү Мекке шаарына кичи ажылыкка барган. Ал жактан президент өзгөчө сыйга ээ болуп, Каабанын ичине кирген.

Белгилей кетсек, Каабага өзгөчө сыйлуу конокторго гана кирүүгө уруксат берилет.