«Казакстан сулуусу-2022» наамынын ээси Томирис Какимов жеке жашоосу тууралуу видео менен бөлүшүп, күйөрмандарын таң калтырганын Tengri Life басылмасы жазды.
Социалдык тармактарда 1 миллион 300 миң жолу көрүлгөн кыска видеодо мурдагы модель бир жыл мурун турмушка чыгып, азыр айылда жашап жатканын айтып берген.
Томиристин Инстаграмына караганда, анын күйөөсү айыл чарба бизнеси менен алектенет.
Томирис менен Абил 2024-жылы ноябрда баш кошуп, бардык салттуу жөрөлгөлөрдү жасашкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram