Казакстанда 1-декабрдан тарта кышкысын жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочуларга айып салынат

Winter tire in the snow.

1-декабрдан тарта Казакстанда айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрдү кышында колдонгону үчүн 18,4 миң теңге (35 доллар) айыпка жыгылат. Бул тууралуу КазТАГ Алматы полиция департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

«Кышкы мезгилде (декабрь, январь, февраль) кышкы дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унааларды айдоого тыюу салынат», — деп белгиледи Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын административдик полиция бөлүмүнүн башчысы Асхат Кулбаев.

Казакстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 590-беренесинин 5-пунктуна ылайык, техникалык регламенттердин жана улуттук стандарттардын талаптарына жооп бербеген транспорт каражаттарын айдоо 18,4 миң теңге/35 доллар өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бул эрежеге баш ийбей, экинчи жолу кармалса, 73,8 миң теңге же 142 доллар өлчөмүндө айып салынат.